БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан Кыргызстан боюнча үч адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Көз жумгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталууда.
"Бишкек шаарынан эки, Ош облусунан бир бейтап оору менен алышып жатып каза болду", – деп айтылат маалыматта.
COVID: көз жумган 1 182 кишинин жарымы Бишкек шаарында катталды
Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1185 адам коронавирусту жеңе албай, өмүр менен кош айтышты.