Адис: COVID-19 учурунда үйдү тазалап туруу зарыл

Адис күнүгө көчөгө чыгып, эл көп жерге каттаган үй-бүлө мүчөсү болсо, үйдү бат-баттан тазалап туруу зарыл экенин эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Азыркыдай пандемия шартында үйгө көчөдөн коронавирус алып келүү көп кыйынчылык жаратпайт. Андыктан үйдү күн сайын тазалап туруу керек экендигин Роспотребнадзор мекемесинин адиси Татьяна Руженцовага шилтеме берип РИА Новости жазды.

Өзгөчө бул күндө эл көп чогулган жерлерге барып, коомдук транспортто жүргөн адамдарга тиешелүү.

"Үйдү жыйноодо кире беришке жакшылап көңүл бургула. Анткени ал жерге бутубузду чечип, сырткы кийимибизди илебиз, жуула элек колубуз менен кармалайбыз. Андыктан эшиктин өзүн, туткасын дезинфекциялоочу каражат менен сүрүп турган оң", — деди адис. 

Вирустар толуп калат. Кеңседеги эң кооптуу буюм аталды

Ошондой эле ал күндүн сууктап калганына карабай, бир аз убакытка болсо дагы терезени ачып, бөлмөлөрдү желдетип турууну сунуштайт.

Эске салсак, дүйнө жүзүндө коронавирустун экинчи толкуну күч алып турган кези. Мындан улам айрым өлкөлөрдө кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилүүдө.