Аба ырайы бузулат. Инспекторлор айдоочулар менен жөө адамдарга кайрылды

Жол инспекторлору айдоочулар менен жөө жарандарга кыш мезгилинде өздөрүн жолдо алып жүрүүнүн эрежелерин эске салды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аба ырайынын кескин суукташын утурлай айдоочулар менен жөө адамдарды жолдо өзгөчө сак болууга чакырды. Бул тууралуу башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

Айдоочуларга кышка эмитен кам көрүү сунушталды.

"Эң алгач айдоочулар автоунаасынын техникалык абалына көңүл бурушу зарыл. Мисалы, фаралардын, айнек тазалагычтардын иштешин, аккумулятордун зарядын текшерүү керек. Мындан тышкары, кышкысын айдоо манерасынын өзгөчөлүктөрүнө адам өзүн-өзү психологиялык жактан даярдап алганы туура", — деп айтылат билдирүүдө.

Кар жаап, күн сууктайт. Бир жумага карата аба ырайы

Дагы бир маанилүү жагдай — алдыдагы, арттагы жана капталдагы автокөлүктөр менен аралыкты сактоо, кар жана тумандуу күндөрү фараларды күйгүзүп алууну эстен чыгарбоо.

"Ошондой эле айдоочулар өздөрүнүн ден соолугуна көңүл бурушу керек. Анткени аба ырайынын алмашышы адамдын организмине ар кандай таасир этет", — деп айтылат кеңеште.

Албетте, айдоочулар үчүн кышка даярданууда өтө маанилүү нерселердин бири — автоунааны дөңгөлөктөрүн алмаштыруу.

Ал эми жөө жүргөндөргө кечкурун же түн ичиндеги коопсуздук үчүн кийимге же сумкага жарыкты чагылдыруучу элементтерди чаптап алуу сунушталат.