"Спутник V" вакцинасын социалдык тармактар аркылуу тааныштыра башташат

Социалдык тармактарда "Спутник V" вакцинасын клиникалык сыноо, өндүрүү жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндөгү вакцинация боюнча маалымат берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Россиянын түз инвестициялар боюнча фонду менен Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору социалдык тармактар аркылуу коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы менен тааныштыра баштайт. Бул тууралуу аталган фондго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Кампанияда #SputnikV хештеги колдонулат.

"Социалдык тармактарда клиникалык сыноо, өндүрүү жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндөгү вакцинация боюнча маалымат берилет. Аны жасаган адамдар кайсы технологиялар колдонулганын айтса, вакцина алгандар өз тажрыйбасы менен бөлүшөт", — деп айтылат кабарда.

#SputnikV хештеги колдонулган каналдарга вакцина боюнча бардык жаңы маалыматтар жазылып турат.

Ошондой эле Twitter, Facebook, Instagram, Youtube тармактарында вакцинага байланыштуу иш-чаралардын видеосу, маектер жүктөлүп турмакчы.

Пандемияга дагы бир сокку. Россияда үчүнчү вакцина сыноодон өтө баштады. Видео

2020-жылдын август айында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү алгачкы вакцина катары Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препаратын каттоого алган. Октябрда дагы бир "ЭпиВакКорона" аттуу вакцина тууралуу жарыяланган. Анын Новосибирскидеги "Вектор" борборунда иштелип чыкканы маалым.