Эмне себептен Путин Байденди куттуктай элек. Кремль себебин айтты

Песковдун пикиринде, себеби айтпаса деле түшүнүктүү. Азыркы президент шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, ар кайсы штаттардын сотторуна кайрылып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин эмне себептен АКШлык кесиптеши Жозеф Байденди шайлоодо жеңип чыгышы менен куттуктай электигин маалымат катчысы Дмитрий Песков түшүндүрдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. 

Билдирүүгө караганда, мурда Кремль Трамптын жеңип чыкканы айтылары менен куттуктаган эле.

Песковдун пикиринде, себеби айтпаса деле түшүнүктүү. Азыркы президент шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, ар кайсы штаттардын сотторуна кайрылып жатат.

"Ошол себептүү биз шайлоонун расмий жыйынтыктарын күткөнүбүз туура деп чечтик. Анткени өткөн шайлоодо эч ким жыйынтыкка каршы чыккан эмес”, — деди Песков.

Добуштарды кайра санагыла! Трамптын митинг өткөрүүнү пландап жатканы айтылды

Эске салсак, 3-ноябрь күнү АКШ өзүнүн 46-президентин шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мурдагы вице-президент Байден жеңишке жетти. Ага 538 тандоочунун 290у өз добушун берген. Бирок Трамп жеңилгенин моюндабай, адвокаттары сотко арыз менен кайрылууда.