ӨКМ: "Орто-Сай" базарынан түндө чыккан өрт эртең менен толук өчүрүлдү

Болжол менен базардын 1800 чарчы метр жери өрттөнгөн. Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар жок.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. "Орто-Сай" базарынан түндө чыккан өрт толугу менен эртең мененки саат 8:55те өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 9-ноябрга караган түнү саат 00:18дер чамасында Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан өрт чыккан.

Маалым болгондой, тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМдин атайын 5 бригадасы тартылып, жерине министрдин орун басары Калыс Ахматов дагы барган. Мындан сырткары, ИИМдин өкүлдөрү, Тез жардам кызматы да болгон.

Өрт түнкү саат 02:16ларда чектөөгө алынып, толугу менен эртең мененки саат 8:55те өчүрүлгөн.

Фотофакт: түндөгү капилет кырсык, жалындап күйгөн "Орто-Сай" базары

"Болжол менен жалпы 1800 чарчы метр жер өрттөнгөн. Каза болгондор жана жабыркагандар жок", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кырсыктын келип чыккан себеби такталып жатканы кошумчаланды.