Коронавируска каршы вакцина семиз адамдар үчүн натыйжалуу болбой калышы мүмкүн

Мындай версияны россиялык илимпоздор тастыкташкан, бирок дагы деле ашыкча салмак менен жабыркаган адамдар үчүн вакциналардын натыйжасыздыгы жөнүндө расмий маалыматтар жок.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. COVID-19га каршы вакциналар семиз адамдар үчүн жакшы натыйжа бербей калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Нижегород мамлекеттик университетинин Улуттук биология жана биомедицина институтунун директору Мария Ведунованын белгилешинче, ашыкча салмагы бар адамдар өнөкөт иммундук жетишсиздикке ээ, ошондуктан эмдөөнүн натыйжалуулугу башкаларга караганда төмөн болот.

Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Новосибирск мамлекеттик университетинин табигый илимдер факультетинин биотехнология жана вирусология лабораториясынын башчысы Сергей Нетесов вакцинанын активдүү заттары организмге кан агымы менен жайылышына май катмары бир топ тоскоолдук жаратарын айтат.

Вирусолог COVID-19га каршы вакцина жардам бере албай турган адамдардын тобун атады

Азырынча семиздик менен жабыркаган адамдарга коронавируска каршы вакциналардын натыйжасыздыгы жөнүндө изилденип тастыкталган расмий маалыматтар жок.