Дарыгер батыраак уктап калуунун жолдорун айтып берди

Адистин айтымында, турмуш-тиричиликтин тез ыргагы менен тынчсыздануулар уйку режимин бузуп, организмге толгон-токой ооруну чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Тезирээк уктап калуу үчүн жөнөкөй эрежелерди эске алуу керектигин РИА Новости кытайлык адис Ши Хуэйге таянуу менен жазды.

Дарыгердин айтымында, турмуш-тиричиликтин тез ыргагы менен тынчсыздануулар уйку режимин бузуп, организмге толгон-токой ооруну чакырат. Бул процессти калыбына келтирүү үчүн жети сааттан кем эмес уктап, эрте жатканга аракет кылуу керек.

Адис кыйналбай эрте туруунун сырын ачты

Мындан тышкары, уктаарга бир саат калганда телефонду колдонбош керек. Анткени экрандын жарыгы мелатониндин синтезин, тагыраагы, уйку гормонун бузуп, эс алганга тоскоол болот.

Бат уктап калуу үчүн демделген чай, кофе жана башка чарчоону убактылуу жаза турчу суусундуктардан баш тарткан оң.

Дарыгер жатар алдында жылуу ваннага түшүп, китеп окуп жана курсак менен дем алууга арналган көнүгүүлөрдү жасоо жакшы жардам берерин кошумчалаган.