Дөңгөлөктү түтөгүчө айлантып. Бейбаш айдоочуга айып пул салынды. Видео

Видеодон күндүз трассанын ортосуна айдоочунун токтогон тейде автоунаанын арткы дөңгөлөгүн асфальттан түтүн чыкканча айлантып жатканын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын Кайгуул милициясы Dodge Challenger спорттук автоунаасынын айдоочусун айып пулга жыкты. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Дөңгөлөктү түтөгүчө айлантып. Бейбаш айдоочуга айып пул салынды. Видео

Ведомство көчөнүн дал ортосуна токтогон тейде арткы дөңгөлөгүн асфальттан түтүн чыкканча айлантып, трюк жасап жаткан сары түстөгү Dodge Challenger үлгүсүндөгү автокөлүктүн видеосун жарыялаган. Экинчи социалдык тармактагы аккаунтка рулдагы адамды айып пулга жыккан протоколдун сүрөтү да коюлган.

Социалдык тармакка видео тарап кеткенден кийин автоинспекторлор жол эрежесин бузган адамды издеп башташкан. Көп өтпөй автоунааны тыюу салынган жерге токтоп турган учурунда табышкан. Бул үчүн айдоочуга экинчи ирет протокол түзүлгөн.

Куралы бар экен, абайлагыла! Бишкекке жакын жолдогу кинодогудай куугундун видеосу

Эске сала кетсек, туура эмес жерге токтоткондо 1000 сом, ал эми жогорудагыдай автобейбаштык кылганда 7500 сом айып пул салынат.