Жеңишине кубанып. Насаатчыларын көтөрүп чаап сүйүнгөн UFC мушкеринин видеосу

Кечээ Лас-Вегаста өткөн UFC турниринде кезектеги жеңишке жеткен молдовалык мушкер насаатчыларына өзгөчө ыраазычылык билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Молдовалык мушкер Александр Романов UFC мелдешиндеги кезектеги жеңишин адаттан тыш майрамдады. Окуянын видеосу промоушендин Instagram баракчасына жарыяланды.

Орус тектүү молдовалык мушкер кечээ Лас-Вегаста өткөн UFC турнириндеги беттешинде бразилиялык Маркос Рожерио де Лима менен кармашып, аны биринчи бөлүктүн аяк ченинде муунтуу ыкмасы менен утуп алды.

Көз жашын тыя албай... Хабиб жеңишинен кийин октагондо атасын жоктоду. Видео

Беттештин соңунда мушкер эки машыктыруучусун көтөрүп чаап, жеңишине кубанган.

Бул жеңиш Кинг-Конг атыккан спортчу үчүн карьерасындагы 13-ийгилиги болду. Бардык беттештерин мөөнөтүнөн мурда утуп келет.