Президенттик кубок: Көлдүн "Мурасы" Оштун "Ала-Тоо" командасын утуп алды

"Мурас" командасы Ысык-Көлдө, ал эми "Ала-Тоо" Ош шаарында быйыл жаңыдан куралып, биринчи ирет мелдешке катышып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Көк бөрү боюнча президенттик кубоктун биринчи лигасынын финалында "Мурас" командасы "Ала-Тоонун" көк бөрүчүлөрүн утуп жеңүүчү аталды.

Оюндун биринчи бөлүгүндө "Ала-Тоонун" улакчысы Манас Ниязов эсеп санын ачты, андан соң "Мурастын" оюнчулары удаасы менен каршылашынын тай казанына эки улак салды. Ошентип биринчи тайм 2:1 эсеби менен соңуна чыкты.

Ал эми экинчи бөлүктө "Ала-Тоо" командасы эсеп санын теңөөгө жетишти. Бирок атаандаштары да катуу каршылык көрсөтүп, эки салым менен жооп кайтарып эсепти 4:2ге жеткирди.

Чечүүчү үчүнчү таймда эки команда тең атаандашынын тай казанына бирден улак таштады. Натыйжада оюн 5:3 эсеби менен жыйынтыкталып, "Мурас" биринчи лиганын жеңүүсү болду.

"Мурас" командасы Ысык-Көлдө, ал эми "Ала-Тоо" Ош шаарында быйыл жаңыдан куралып, биринчи ирет мелдешке катышты. "Ала-Тоо" командасынын курамына мурда "Достукта" ойноп жүргөн Манас Ниязов, Таштемир Майлибашев кирген.

Көк бөрү: президенттин кубогунун коло байге ээлери белгилүү болду

Жогорку лиганын финалы бүгүн саат 14:30 башталат, анда "Ынтымак" жана "Достук" командалары беттешет.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу өтүп жатат. Мелдештер 3-ноябрдан 8-ноябрга чейин уланды. Жогорку лигада алты, ал эми биринчи лигада 12 команда катышты.