Коронавирус: акыркы суткада оору жуктургандар 500дөн кемиген жок

Марттагы пандемиядан бери өлкөдө жугуштуу илдетке расмий түрдө 60 миңден ашуун адам кабылды. Анын жарымынан көбү ооруну жеңсе, миңден ашууну өтүп кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 515 киши жуктурду, ошондой эле 546 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдети төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек — 107;
  • Ош — 43;
  • Чүй облусу — 60;
  • Ош облусу — 52;
  • Талас облусу — 20;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 45;
  • Жалал-Абад облусу — 133;
  • Баткен облусу — 54.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 62 819га жетти.

Сурабалдиева: пайдасы жок хлор сатып алууга тыюу салдым

Соңку суткада COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 117;
  • Ош шаары — 24;
  • Чүй облусу — 71;
  • Ош облусу — 86;
  • Талас облусу — 13;
  • Нарын облусу — 6;
  • Ысык-Көл облусу — 20;
  • Жалал-Абад облусу — 113;
  • Баткен облусу — 96.

Ушуну менен Кыргызстанда жугуштуу оорудан айыккандардын саны 53 952ге жетти.