БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Джо Байденди АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен куттуктады. Өзүнүн кайрылуусун Токаев Twitter баракчасына жазды.
"Джо Байден мырзаны АКШнын президенти болуп шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Мен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара кызыкчылыгы бар чөйрөлөрдө жемиштүү кызматташууга үмүттөнөм", — деген ал.
Буга чейин демократтардын өкүлүн президенттик кызматка шайланышы менен Германия, Франция, Улуу Британия, Испания, Бельгия жана Канада өлкөлөрүнүн лидерлери куттукташкан.
Трамптын тарапташтары каршылык акциясын уюштурушууда
Байден ишемби күнү АКШнын президенти болуп шайлангандыгын жарыялады. Буга чейин Американын ири маалымат каражаттары өз эсептөөлөрүнө таянып, шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери жеңип чыкканын жазып чыгышкан. Учурдагы президент атаандашын бир дагы штатта жеңүүчү деп бекитиле электигин айтууда.