Атай Өмүрзаковдун бий тобу Германияда калыстардын оозун ачырды. Видео

Германияда таланттар шоусунун кезектеги туру өтүп жатат. Ага айтылуу бийчи Атай Өмүрзаков катышып жатат. Азырынча жыйынтыгы белгисиз.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык өнөрпоз Атай Өмүрзаковдун бий тобу Германиядагы Das Supertalent аталышындагы таланттар шоусуна катышты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Германиядагы шоуда балдар бийдин сазайын берди", — деп жазган Өмүрзаков.

Балдардын сынакка катышканы тууралуу уюштуруучулар дагы расмий Instagram аккаунтунда билдирип, видеоанонс жүктөгөн.

"ATAI Show командасы укмуштуудай өнөрүн көрсөттү", — деген конкурстун өкүлдөрү.

Роликтен калыстар "сөөгү жоктой" кыймылдап жаткан бийчилерге айран-таң калып, санааркап жатканын көрүүгө болот.