Байден президенттик шайлоодо жеңишке жеткенин жар салды

Талапкер шайлоого карата кампания аяктагандан кийин ыза, таарынычтарды артка калтырып, улут катары биригүүгө чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. – Sputnik. АКШнын президенттигине талапкер Джо Байден шайлоодо жеңишке жеткенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“Америка эли мени президент катары тандап, ишенгени үчүн сыймыктанам”, — деп саясатчынын билдирүүсүндө айтылат.

Трамп президенттик шайлоону уттум десе, ЖМКлар Байден жеңгенин жазышууда

Ал быйылкы шайлоодо добуш бергендердин саны рекорддук көрсөткүчкө жеткенин белгиледи.

“Кампания аяктагандан кийин ызага алдырбай, баарыбыз улут катары биригишибиз керек”, — деген Байден.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Джо Байден 290 тандоочунун добушун алган. Ал эми шайлоодо жеңиш үчүн 270 добуш жетиштүү.