COVID-19 инфекциясынан кечээ дагы беш киши көз жумду

Акыркы суткада көз жумгандардын үчөө Бишкек шаарында, бирөө Таласта жана дагы бирөө Ош облусунда дарыланып жаткан болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан дагы беш киши каза тапканын Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, көз жумгандардын үчөө Бишкекте, бирөө Таласта жана дагы бирөө Ош облусунда дарыланып жаткан.

Коронавирус: акыркы суткада оору жуктургандар 500дөн кемиген жок

Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп көз жумгандардын саны 1 177ге жетти.