БУУ бир катар өлкөдө ачарчылык болушу мүмкүндүгүн эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү эл аралык коомчулукту ачарчылык кырдаалын курчутпоо үчүн тезинен чара көрүүгө чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Азык-түлүк тартыштыгы Африканын төрт өлкөсүндө кескин көбөйөт. Жалпысынан дүйнө жүзү боюнча 16 мамлекет буга кабыларын Бириккен Улуттар Уюмуна таянып "Известия" жазды.

Уюм жакынкы айларда эле Буркина-Фасо, Йемен, Түштүк Судан жана Нигериянын эли тамак-ашсыз каларын айткан. Бул жактагы кырдаалды ички чыр-чатактар, экономиканын төмөндөшү, экстремалдык климат жана COVID-19 пандемиясы начарлатып жатат.

БУУ пандемия учурунда байыган миллиардерлерди элге жардам берүүгө чакырды

БУУ, мындан сырткары, 16 өлкөдө ачкачылык күчөшү мүмкүндүгүн, бирок кайсы жакта экенин тактаган эмес.

"Жакынкы айларда абал дагы начарлап кетсе, ачарчылык тобокелдиги жогорулайт деп кооптонуп жатабыз", — деген БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Клаудия А По.

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба бирикмесинин өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Доминик Буржон эл аралык коомчулукту кырдаалды курчутпоо үчүн тезинен чара көрүүгө чакырган.