Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы митинг өттү. Сүрөт

Тынчтык акциясынын катышуучуларынын айтымында, президенттик башкаруу формасы оңой эле авторитардык режимге ооп кетет.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкекте Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы тынчтык маршы өттү. Жыйырмага чукул митингчи темир жол вокзалынын жанына чогулуп, Ак үйгө чейин жүрүш жасашты. 

Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы митинг өттү. Сүрөт

Акциянын катышуучулары парламенттик шайлоону 2020-жылдын 20-декабрында өткөрүү зарылдыгын белгилешти. Алар, ошондой эле, президент шайлоо босогосун 3 пайызга түшүргөн мыйзамга кол коюшу керек деп эсептейт.

Трамптын тарапташтары каршылык акциясын уюштурушууда

Демонстранттардын айтымында, президенттик башкаруу формасы бат эле авторитардык режимге айланып кетет.

Эске салсак, 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандагы парламенттик шайлоону 2021-жылга жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун дароо эле үч окууда жактырышкан.