Беш киши каза болду. Баткендеги жол кырсыктын видеосу

Милициядан билдиришкендей, бүгүн түшкө маал эки жеңил унаа кагышып кеткен. Анын кесепетинен беш киши набыт болду.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Ош — Баткен — Исфана жолунун 302-чакырымында унаа кырсыктап, беш киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. Кырсык болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-ноябрда, саат 13:00 жана 14:00 аралыгында Nexia жана Mercedes үлгүсүндөгү унаалар кагышып кеткен.

Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Окуянын чоо-жайы такталууда.