Жапаров, Жээнбеков, Отунбаева биргеликте "Ата-Бейитке" барды. Сүрөт

Бүгүнкү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө байланыштуу "Ата-Бейит" комплексиндеги иш-чарага президенттин милдетин аткаруучу баш болгон саясатчылар барган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева, президент аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев катышты.

Алар 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту. Каза тапкандарга багышталып куран окулду.

Тарыхый эс тутум бизди маңкуртчулуктан сактайт. Садыр Жапаров элге кайрылды

Садыр Жапаров Кыргызстанда 1920-1950-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктары болгон 40 миңге жакын адамдын сөөгү ушул күнгө чейин белгисиз экенин эске салды. Ошондой эле Бүбүйра Кыдыралиеванын, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Болот Абдрахмановдун жана археолог Михаил Москалевдун эрдигин белгилеген. Алардын аракети менен Чоң-Таш айылына жакын жерде репрессияланган 138 адамдын жашыруун жана массалык түрдө көмүлгөндүгү коомчулукка маалым болгонун айткан. Андан сырткары, бул адамдарды эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу деген.

"Жапаров элдик толкундоолордун натыйжасында бийлик үч жолу алмашканын кошумчалады. 2020-жылдын 5-октябрындагы окуянын себептерин Садыр Жапаров адамдардын коррупцияга болгон каршылыгы деп атады. Эми ага каршы күрөш жарыяланып, коомчулукка таянуу менен жүргүзүлөрүн белгиледи. Электоратты сатып алуу жөнүндө үстөмдүк кылган шайлоо психологиясы жоюларын кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.

Эскерүү иш-чаралары "Таазим" тарыхый-мемориалдык музейинде жыйынтыкталды.