Улуттук гвардиянын жаш жоокерлери "Ата Бейитте" ант беришти. Сүрөт

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу иш-чарага аскерлердин ата-энелери менен жакындары келген жок.
Sputnik

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10126 жана 10127 аскер бөлүгүнүн жоокерлери ант беришти. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы кабарлады.

Ант берүү аземи "Ата Бейит" мемориалдык комплексинде болуп өттү.

"Жаш жоокерлер бир ай ичинде аскердик турмушка көнүү программасын, анын ичинде күн тартип, аскердик уставдын жоболорун жана кызматтык милдеттерин окуп үйрөнүштү. Жогоруда аталган сабактардан кийин гана мекен алдындагы антын беришип, өлкөбүздүн эгемендигин коргоо тапшырмасын аткарууга киришет", — деп айтылат маалыматта.

Түркия Кыргызстанга аскердик унаа менен керектүү буюмдарды берди. Сүрөт

Салтанатка Коопсуздук кеңешинин катчысы, генерал-майор Рыскелди Мусаев, Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин өкүлү, Улуттук гвардиянын жетекчилиги жана аскер бөлүктүн өздүк курамы катышты.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу иш-чарага аскерлердин ата-энелери менен жакындары келген жок.