БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. КР президентинин көк бөрү боюнча кубогунун алкагында биринчи жана жогорку лигалардын 3-орун үчүн кармашы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Мелдеште "Келечек" командасы 18:2 эсеби менен "Суусамыр" тайпасын жеңип, биринчи лиганын коло байгесин жеңип алган.
Жогорку лигада "Сары-Өзөн" командасы 9:1 эсеби менен алдыга чыгып, "Жаш-Күч" көк бөрү тобун утуп алган.
Көк бөрүчүлөр баштаган бир катар спортчуларга наам ыйгарылды. Тизме
Эртең, 8-ноябрда, президенттин көк бөрү боюнча кубогунун финалдык беттештери өтмөкчү. Турнир 3-ноябрдан бери Чолпон-Атадагы ипподромдо болуп жатат.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу ат оюндарына көрүүчүлөр киргизилбей жатат. Милиция коомдук тартипти тыкыр көзөмөлгө алууда.
Теги: көк бөрү мелдеш коло байге команда