БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылгандарды жаткыруу үчүн 163 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалымат саат 10:00гө карата берилди.
- Улуттук фтизиатрия борбору — 2;
- Улуттук хирургия борбору — 1;
- Улуттук госпиталь — 66;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 14;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 2;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 32;
- Темир жол ооруканасы — 0;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 23;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 7;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 12.
Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн телефон номерлерге чалып тактап алууга болот.