Кыргызстанда катуу жер титиреди

Жер титирөөнүн очогу Өзгөн районунан 64 чакырым, Өзбекстандын Фергана облусунан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда магнитудасы 5,3кө жеткен жер титирөө катталганын Европа - Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) билдирди.

Анда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, саат 13:39да жер силкинген. Очогу Өзгөн районунан 64 чакырым, Өзбекстандын Фергана облусунан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул Ош шаарынан анча алыс эмес жер болуп калат.

Азырынча кыйроолор жана жаракат алгандар боюнча расмий маалымат бериле элек. Ош шаарынын тургандары сезилерлик деңгээлде жер титирегенин жазып жатат.