БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
6-ноябрь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ордо калаадагы ооруканаларда коронавирус жана пневмониядан жабыркагандарды дарылоо үчүн 74 бош орун бар.
Кыргызстанда коронавирустан 84 медик көз жумган
- Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 3;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 0;
- Улуттук хирургия борбору — 1;
- Улуттук госпиталь — 4;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 13;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 4;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 2;
- Темир жол ооруканасы — 3;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 23;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 8;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 13.