Кыргызстандын түштүгүндө жер силкинип, күчү 6,5 баллга жетти

Европа - Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун (EMSC) билдиришинче, бүгүн саат 13:39да өлкөдө жер титиреген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын түштүгүндө катталган жер титирөөнүн күчү очогунда 6,5 баллга чейин жетти. Бул туурасында Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов билдирди.

Анын айтымында, очогу Баткен облусунун Кадамжай районунан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан.

"Кыйроолор боюнча азырынча маалымат жок. Бирок мындай жер титирөө катталган учурда жабыркагандар болот", — деди Сейсмология институтунун директору.

Түркиядагы зилзала: каза болгондор 73кө жетип, миңге чукул адам жабыркады

Европа - Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун (EMSC) маалыматы боюнча, бүгүн саат 13:39да өлкөдө жер силкинип магнитудасы 5,3кө жеткен. Жер титирегени туурасында Ош шаарынын тургундары соцтармакка жазып жатат.