70 млн. сомдук зыянга учураткан. Финпол мэриянын экс-кызматкерин кармады

Маалыматка караганда, мэриянын жооптуу кызматкерлери 70 миллион сомдук пайдасыз келишимдерди түзүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Финпол Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын О.С. аттуу мурдагы жетекчисин кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мэриянын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалын пайдалануу менен 70 миллион сомдук пайдасыз келишимдерди түзүшкөн.

УКМК: "Кыргыз темир жолунда" кесепети өлүмгө алып келчү коррупциялык иш болгон

"Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилик кызматтагы адамдары мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы иш алып барышкан. Алар "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамды бузуп, бала бакча курууда 70 миллион сомго жакын пайдасыз келишимдерди түзүшкөн", — дешти Финполдон.

Бүгүн түштөн кийин Биринчи май райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карайт.