Мушкер Канат Келдибеков атаандашы менен көз караштар таймашына чыкты. Видео

Эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш бүгүн, 6-ноябрда, Москва шаарындагы "ВТБ Арена" спорт жайында өтөт. Ага көрүүчүлөр киргизилбейт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Тайсон каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков бүгүн АСА 113 мелдешинде кезектеги беттешке чыгат. Мушкер таразага түшүү иш-чарасынан кийин атаандашы менен көз караштар таймашын өткөргөнү Instagram тармагындагы спорттук пабликтерге жарыяланды.

Эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш бүгүн, 6-ноябрда, Москва шаарындагы "ВТБ Арена" спорт жайында өтөт. Ага көрүүчүлөр киргизилбейт. Кыргыз Тайсону 61 килограмм салмакта россиялык Александр Матмуратов менен октагонго чыгат.

Белгилей кетсек, Канат Келдибеков ММА спортунда 20 беттеште утуп, беш ирет жеңилүү ызасын тарткан, ал эми анын атаандашы Александр Матмуратов 9 беттеште утуп, беш ирет жеңилген.

ONE FC: Кыргызстандык Кямран Аббасов чемпиондугун коргоп беттешке чыгат

Ошондой эле бүгүнкү беттеште дагы бир кыргызстандык мушкер Фарух Аджиев россиялык Руслан Абильтаров менен күч сынашат.