Ишембиге карата аба ырайы

Ишембиге караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. 7-ноябрь, ишемби күнү, күндүз республикада күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көлдө +10...+15 жана Нарын жергесинде +8...+13 градус болот.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +19...+21 жана Ош шаарында +20...+22 градуска көтөрүлөт.