Чек арадан Lexus 470 автоунаасын текшергенде 25 млн. сомдук телефон чыкты. Сүрөт

iPhone, Samsung Z, Xiaomi Redmi 9 жана башка үлгүдөгү смартфондор өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып бараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө бекетинен мыйзамсыз түрдө 25 миллион сомдук уюлдук телефон аппараттарын чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.

Маалыматка ылайык, Финпол Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте чек ара бекетинен Lexus GX470 автоунаасын токтоткон. Анын ичин текшергенде кымбат баалуу телефондор табылган. Анда 12, 11, 10, 7 жана 6-сериядагы iPhone, iPhone SE, кулакчын, Samsung Z, Xiaomi Redmi 9, Xiaomi POCO Х9 үлгүсүндөгү смартфондор чыккан.

Кыргызстанга 8 млн. сомдук телефондорду алып кирген шектүү кармалды

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.