Жоголуп кеткен 16 жаштагы Анеля Бишкектин чок ортосунан табылды

Анеля Аскербекова 4-ноябрь күнү жоголуп кеткен. Ал жумушуна кеткен боюнча байланышка чыкпай дайынсыз болуп жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Анеля Аскербекова Бишкектин чок ортосунан табылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине кыздын энеси кабарлады.

РИИБ: 9 жаштагы Аяна Эмилбекова аман-эсен табылды. Сүрөт

Анеля 4-ноябрь күнү жоголуп кеткен. Ал жумушуна кеткен боюнча байланышка чыкпай калган.

"Кызыбыз кечээ күнү саат 17:00дө ГУМ "Чынар" соода борборунан табылды. Азыр үйдө, баары жакшы. Анеля өткөөл куракта эмеспи, болгону бир аз эркиндикти каалаптыр. Колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн баарыңыздарга ыраазычылык!" — деди апасы.

Үй-бүлө мүчөлөрү ыкчам аракеттери үчүн Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине дагы алкыш айтышты.