Бишкекте үч киши коронавирустан көз жумду

Бийлик коронавирустун экинчи толкуну 10-15 күндө жогорку чегине жетерин божомолдоп, жарандардан санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоону өтүнүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктурган үч бейтап каза тапканын Республикалык штаб кабарлады.

Бейтаптардын бардыгы тең борбор калаа Бишкекте дарыланып жаткан.

74 орун бош. Коронавирусту дарылаган ооруканалардагы акыркы абал

Жалпысынан марттагы пандемиядан бери 1 170 киши ооруну жеңе алган жок.