Ак үйдүн айланасындагы тосмолорду алып жаткан учурдан 18 сүрөт

Sputnik

Бул тосмолор Жогорку Кеңештин имаратынын айланасына 20 жыл мурда Аскар Акаев президент болуп турганда орнотулган. Алар башынан үч революция өткөргөн десе болот. Азыркы тапта Ак үйдө президент менен Жогорку Кеңеш аппараттары менен иштейт.

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен кеңешип, тосмону алып салуу чечимин кабыл алышканын билдирген.

Эстеп калгыла! Ак үйдү курчаган тосмолорду алып жаткан учурдун асмандан көрүнүшү

Бул тосмолордун ичинен түштүк-чыгыш тараптагы эки бөлүгү тарых үчүн калтырылат. Анткени анда 2010-жылы апрель окуяларында каза болгондордун тизмеси жазылган такта илинип турат.

1 / 18
Ак үй Кыргыз ССРинин Коммунисттер партиясынын борбордук комитети үчүн 1985-жылы салынган
2 / 18
Анын айланасындагы тосмо мындан 20 жыл мурда Аскар Акаев президент болуп турганда орнотулган
3 / 18
Азыркы тапта Ак үйдө президент жана Жогорку Кеңеш аппараттары менен иштейт
4 / 18
Тосмо үч революцияны башынан өткөргөн. Өлкөдө башаламандык болгон сайын чогулгандар дароо аны бузуп кирүүгө аракет кылышчу
5 / 18
Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кеңеши менен тосмону алып салуу чечимине келгендигин билдирген
6 / 18
Талант Мамытов "бийликти бул тосмо сактап кала алган жок, сактай албайт дагы" деп айткан
7 / 18
Тосмолорду демонтаж кылуу 2020-жылдын 6-ноябрында башталды
8 / 18
Темир тосмолорду "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери алууда
9 / 18
Көп жыл мурда Ак үйдүн ордунда стадион бар болчу
10 / 18
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тосмолорду алып жатканы үчүн эч кимге акы төлөнбөй турганын, "Тазалыктын" кызматкерлери өз жумуштарын аткарып жатканын айткан
11 / 18
Бул тосмолордун ичинен түштүк-чыгыш тараптагы эки бөлүгү тарых үчүн калтырылат. Анткени анда 2010-жылы апрель окуяларында каза болгондордун аты-жөнү жазылган такта илинип турат
12 / 18
Демонтаж кылууга үч-төрт күн же бир жума талап кылынат
13 / 18
Балбак Түлөбаев азырынча бул тосмолор мэриянын кампасында сакталып турарын белгиледи
14 / 18
Кийин алар Бишкектин түштүгүндөгү "Ысык-Көл" мейманканасынын айланасына орнотулуп калышы мүмкүн
15 / 18
Социалдык тармактын колдонуучулары тосмолорду аукционго коюп сатууну сунуштаган. Алардын айтымында, бул учурда шаардык бюджетке жакшы каражат түшмөк
16 / 18
Ак үйдөн өрт чыгып, ичи талкаланып калгандыктан, Жогорку Кеңештин депутаттары азыр жыйындарын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөрүүдө
17 / 18
Тосмону алып салуу маселеси өлкөдө бир нече ирет көтөрүлгөн
18 / 18
Эми Ак үйдүн айланасы ачык болот. Ал жакта сейилдеп, ээн-эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү