Улуттук статком: өлкөдө кыргызча жазган сайттар көбөйдү

Өлкөдөгү сайттардын 88 пайызга жакыны шаар жерлеринде жайгашкан чарбалык субъектилерге тиешелүү жана көбүнесе онлайн кызматтарды көрсөтүшөт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Өлкөдө кыргыз тилиндеги контенти бар интернет-сайттардын саны акыркы беш жыл ичинде өсүп отуруп, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча жалпы сайттардын 27 пайызын түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Ал эми Бишкек шаары боюнча айта турган болсок, борбор калаада кеңсеси жайгашкан сайттардын 61 пайызы кыргыз тилинде дагы маалымат беришет.

Фейк желдей тарап кетүүдө. Министрликтердин сайты кандай иштеп жатат?

"Өлкөдөгү сайттардын эң көп бөлүгү, тагыраагы, 88 пайызга жакыны шаар жерлеринде жайгашкан чарбалык субъектилерге тиешелүү жана көбүнесе онлайн кызматтарын көрсөтүшөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми жалаң гана кыргыз тилинде маалымат берген сайттардын саны былтыр 554кө жеткен.