Садыр, Жапар, Нуркожонун апасы: үч эмге ысымды чоң атасы тандаган

Sputnik Кыргызстан агенттиги жакында эле көз жарган үч эмдин апасы Сезим Ырысбек кызы менен кыскача маек курду.
Sputnik

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Бишкекте үч эм төрөлгөнүн кабарлап, эркек балдарга Садыр, Жапар жана Нуркожо деген ысымдар ыйгарылганын билдирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жаш үй-бүлөнүн жакшылыгы менен бөлүшкөнчө, наристелердин ал-абалын сурады.

— Бешик бооңуздар бек болсун! Балдардын, өзүңүздүн абалыңыз жакшыбы?

— Рахмат! Балдардын ден соолугу жакшы. Төрөт үйүнөн чыгары менен Нарынга жолго аттанганбыз. Үйүбүзгө келип, ызылдап эле жатып калдык. 

Садыр, Жапар, Нуркожонун апасы: үч эмге ысымды чоң атасы тандаган

— Нарында турасыздарбы?

— Ооба. Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Алыш айылында турабыз.

— Сезим, үч эм төрөлөрүн буга чейин билдиңиз беле. Жолдошуңуз кандай кабыл алды?

— Курсагымда үч бала бар экенине көпкө чейин ишене албай жүрдүм. Түйүлдүккө үч ай болгондо УЗИге түшсөм дарыгер "сеники үч эм экен' деди. Чын-калпын аңдай албай жолдошума айтсам ал дароо ишенип, аябай кубанды.

— Ошондо булар сиздердин тун балдарыңарбы?

— Ооба, биринчи балдарыбыз. Жолдошум үйдүн улуусу болгондуктан, кайнене, кайнатамдын да биринчи неберелери. Кубанычтары койнуна батпай аябай сүйүнүп жатышат. Элдин баарына маңдай жарыла сүйүнчүлөштү. Куттуктап чалгандар андан көп.

Мотурайып кучакташкан үч-төрт эм балдар. Бакытка бөлөнгөн үй-бүлөлөрдүн сүрөтү

— Уулдарыңардын ысымдары дагы өзгөчө экен. Эмне себептен Садыр, Жапар, Нуркожо?

— Бул ысымды чоң атасы эбактан бери, Садыр Жапаров бийлик башына келгенде эле коём деп ойлонуп жүргөн. Балдарыбыз дагы элдин керегине жараган эл уулдары болсун деген максатта президенттин милдетин аткарып жаткан адамдын аты-жөнүн ыйгарды. Биз каршы болгон жокпуз. Бул ысымдар өзүбүзгө да жакты. Башкысы — балдарыбыз аман-эсен торолуп, чоңойсун. 

Садыр, Жапар, Нуркожонун апасы: үч эмге ысымды чоң атасы тандаган

— Канча жаштасыз? Үй-бүлөңөр тууралуу да азын-оолак кеп саласызбы?

— Өзүм 22 жаштамын. Жолдошум менден 10 жаш улуу. Үйдүн улуусу болгондуктан азыр кайнене, кайнатам менен чогуу турабыз. Күйөөм айыл-чарба иштери менен алек, жеке ишкер десем болот. Ал эми өзүм буга чейин катчы, оператор болуп иштегем. Жашообуз, кудайга шүгүр, жакшы. Жолдошум алты бир тууган. Эми дагы үчөө кошулуп, мурдагыдан дагы чоң үй-бүлөгө айландык.

— Көпчүлүгү үч, төрт эмди жасалма уруктандыруу (ЭКУ) жолу менен төрөшөт экен.

— Жок, ЭКУсу жок эле өзүм төрөдүм. Бирок боюмда барда ооруканадан чыккан жокмун, кыйналдым.

Төрт эм төрөгөн 27 жаштагы Нурайым: төрт жыл балалуу боло албай жүрдүк

— Эмне болуп?

— Кан басымым көтөрүлүп улам патологияга жатып жүрдүм. Дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, жакшы карагандыктан аман-эсен көз жардым окшойт. Кан басымым түшүп, ден соолугум калыбына келгенден кийин 35 жумасында операция жолу менен төрөтүштү.

— Ымыркайлардын баарынын салмагы 2 килограммдан ашык экен, ээ?

— Ооба, балдар 35-жумасында жарык дүйнөгө келсе да ара төрөлгөн жок. Салмактары 2,2 килограмм, 2,3 килограмм жана 2,5 килограмм. 29-октябрь күнү көз жаргам. Балдардын абалы жакшы болгондуктан, 4-ноябрда эле чыгарышты. Дайыма ушундай эле болсун. Азыр жакшыбыз. 

Садыр, Жапар, Нуркожонун апасы: үч эмге ысымды чоң атасы тандаган

— Бир балага эптеп жетишесиң, силер кантип атасыңар?

— Азыр кичинекей, курсактары ток болсо жата берет. Анын үстүнө чоң эне, чоң аталары бар. Кыйналган жокмун.