Кубат Болотканов КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Талапкер катары Болоткановдон тышкары Тимур Алхожоев көрсөтүлгөн. Байкоочу кеңештин төрагалыгына добуш берүү жашыруун жүргүзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кубат Болотканов Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган кеңештен кабарлашты.

Бүгүн Байкоочу кеңештин кезексиз жыйынындагы шайлоодо жетекчи кызматына талапкер катары Тимур Алхожоев жана Кубат Болотканов көрсөтүлгөн. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында экинчиси жеңген.

Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп дайындалды

Мындан сырткары, буга чейин КТРКнын башкы директорлугуна сынак жарыяланганы эскертилди. Документтерди кабыл алуу 18-ноябрь күнү саат 17:00дө аяктайт.