Бир суткада 535 кишиден коронавирус табылды

Жалпысынан алганда Кыргызстанда COVID инфекциясынын 61 309 учуру катталып, анын ичинен 52 343 бейтап айыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 535 кишиден коронавирус аныкталып, 528 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда COVID-19дун 61 309 учуру катталып, анын ичинен 52 343 бейтап айыкты.

Жуктургандар:

Бишкек – 151;

  • Ош – 21;
  • Чүй облусу – 104;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 20;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 43;
  • Жалал-Абад облусу – 67;
  • Баткен облусу – 48.

Айыккандар:

  • Бишкек – 160;
  • Ош шаары – 39;
  • Чүй облусу – 34;
  • Ош облусу – 96;
  • Талас облусу – 14;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 71;
  • Баткен облусу – 83.

Бир сутка ичинде Бишкек, Ош шаарларынан жана Чүй облусунан бирден медик коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ошол эле маалда 15 ак халатчан ооруну жеңген.