Өнүккөн өлкөлөрдө COVID-19дан каза болгондордун саны көбүрөөк. Жаңы иликтөө

Курактар боюнча категорияларга бөлүп карап көргөндө жаш канчалык өйдөлөгөн сайын, ошончолук өлгөндөрдүн саны дагы көбөйөрү белгилүү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Лондондогу Империя колледжинин окумуштуулары ар кайсы өлкөлөрдөгү жарандардын кирешесинин деңгээли менен коронавирус алып келген өлүмдүн байланышын тапты. Бул тууралуу окуу жайдын сайтында жазылган.

Адистер алгач коронавирус тууралуу 175 илимий ишти тыкыр иликтеп көрүшкөн. Жыйынтыгында жарандардын кирешеси жогору деп эсептелген өнүккөн өлкөлөрдө COVID-19дан каза болгондордун саны жалпы элдин санынын 1,15 пайызын түзгөн. Ал эми жакыр өлкөлөрдө бул көрсөткүч болгону 0,23 пайызга жеткен.

COVID-19: вирусолог кырдаал качан жакшырарын боолголоду

Муну окумуштуулар өнүккөн өлкөлөрдө кары-картаңдардын көптүгү менен түшүндүрдү. Анткени курактар боюнча категорияларга бөлүп карап көргөндө жаш канчалык өйдөлөгөн сайын, ошончолук өлгөндөрдүн саны дагы көбөйөрү белгилүү болгон.