Ошол партиялар жаңы Ак үй салып берсин! Рысалиевдин сунушу күлкүгө салды

Бүгүнкү жыйында депутат Кожобек Рыспаев Ак үйдү талкалагандарды таап, жазага тартуу керектигин айтып чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон үч партия жаңы Ак үй салып бериши керектигин айтты.

Бүгүн парламентте спикерликке Талант Мамытовдун талапкерлиги каралып жатканда депутат Кожобек Рыспаев Ак үйдү талкалагандарды таап, жазага тартуу керектигин билдирген. Бирок анын пикирине кесиптеши Рысалиев кошулбай, башкача жооп кайтарды.

"Биз Ак үйдү өрттөгөндөрдү издеп, жазалайлы деп жатабыз. Алар көчөдөгү балдар, эч нерсеси жок. Бирок ошого эмне себеп болду эле, муну баарыбыз билебиз да. "Кыргызстан", "Биримдик" жана "Мекеним Кыргызстан" партиясы эмеспи. Ошол үч партиядан депутаттыкка баргандардын эсебинен жаңы эле Ак үй салдырып албайлыбы, кандай дейсиңер? Талант Турмаматович, сизге биринчи тапшырма, калыстыгыңызды ушундан далилдеңиз", — деди Рысалиев.

Жапаров премьерге кеңешчи болгонун айтса, Бакиров какшыктап күлкүгө салды. Видео

Мындай сунушту уккан депутаттардын баары күлүп жиберди. Ал эми Талант Мамытов эске ала турганын айтып тим болду.

Ошол маалда эл өкүлү Евгения Строкова микрофонго чыгып шайлоодо партиялар акча таратса да, талапкерлер акча таратпаганын билдирди. Аны менен катар "Биримдик" партиясы менен жарышка чыкканынан уялбай турганын жана Ак үйдүн бир дагы эшигин оңдоого ниети жоктугун белгиледи.