БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиясынын мүчөсү У.Р. 500 миң сом пара талап кылган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы Отун-энергетикалык комплексиндеги жемкорлукту жоюу иш-чарасын жүргүзгөн.
Кабинетте каткырып, акча жыйнап... Аткаминердин пара алып жаткан видеосу
"Ишкер күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында ири көлөмдөгү көмүр сатып алуу боюнча тендерге катышкан. У.Р. аттуу комиссия мүчөсү маселени оң жагына чечип берүү үчүн андан "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу ири суммадагы акча талап кылган", — деп айтылат маалыматта.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча каттоого алынды.
Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.