Бишкекте үч эм төрөлүп, аларды Садыр, Жапар, Нуркожо деп аташты

Үч эркек бала 29-октябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жарык дүйнөгө келген. Алардын апасы болгону 21 жашта экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкекте үч эм төрөлдү. Эркек балдарга Садыр, Жапар жана Нуркожо деген ысымдар ыйгарылганын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, салмагы 2,2 килограмм, 2,3 килограмм жана 2,5 килограмм болгон үч уул бала 29-октябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жарык дүйнөгө келген.

Ымыркайлардын энеси 21 жашта экени айтылууда.

Бүгүн алар төрөтканадан үйлөрүнө чыгарылган. Туугандары наристелердин ысымдарын Садыр, Жапар жана Нуркожо койгонун айтышкан.