Президенттик кубок: жогорку лиганын көкбөрүчүлөрү кызуу оюн көрсөттү. Сүрөттөр

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу ат оюндарына көрүүчүлөр киргизилбей жатат. Милиция коомдук тартипти тыкыр көзөмөлгө алууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин кезектеги оюндары уланып, ат майданга жогорку лиганын командалары чыкты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жогорку лигадагы "Ынтымак" командасы "Сары-Өзөндү" 4:2 менен жеңсе, "Достук" "Кара-Буураны" 9:2 эсебинде утту.

Мындан сырткары, I лигада төмөнкү командалардын беттештери жыйынтыкталды: "Төш-Булак" — "Ала-Тоо" (1:12), "Четинди" — "Келечек" (2:13), "Ай-Тамга" — "Тору Айгыр" (6:2) жана "Көк жал" — "Суусамыр" (3:6).

Бүгүн I лигадагы "Ала-Тоо" командасынын оюнчусу Манас Ниязов жети салым салды.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу ат оюндарына көрүүчүлөр киргизилбей жатат. Милиция коомдук тартипти тыкыр көзөмөлгө алууда.