Канат Исаев президенттик шайлоого катыша турганын билдирди

Канат Исаев спикер катары иштеп жатканына бир ай дагы боло элек болчу, тагыраагы, 13-октябрда дайындалган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев бүгүн парламенттин жыйынында президенттик шайлоого катыша турганын билдирди.

Мындан сырткары, ал бүгүн Жогорку Кеңештин төрагалыгын өткөрүп бере турганын айтты.

“Партиялаштарым кеңешип, менин президенттикке талапкерлигимди көрсөтүү чечимин кабыл алышты. Ошол эле маалда Садыр Жапаров да шайлоого катыша турганын айтты. Эгер ал кетсе, президенттин милдетин төрага аткарып калышы керек. Өзүм да шайлоого аттанып жаткандыктан ал милдетти мойнума ала албайм”, — деди Исаев.

Депутаттар Канат Исаевди спикерликтен кетирүүгө кол топтой баштады

Исаевдин спикер катары иштеп жатканына бир ай дагы боло элек болчу, ал 13-октябрда дайындалган.