"Ислам мамлекети"* тобу Венадагы жардырууга жоопкерчилик алды

Австриянын борборундагы жардыруудан беш киши каза таап, жыйырмасы жаракат алды. Кол салгандардын бири жок кылынып, калганы кармалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобу Австриянын борбору Венадагы жардырууга жоопкерчилик алды. Бул тууралуу РИА Новости "Рейтер" агенттигине шилтеме берип жазды.

Дүйшөмбү күнү кечинде белгисиз адамдардын тобу Австриянын борбор шаарында элге кол салып, көчөдөгүлөрдү аткылашкан. Мунун кесепетинен беш киши набыт болуп, 20 адам жаракат алган.

ТИМ: Венадагы терактыдан жабыркаган кыргызстандыктар жок

Кол салгандардын бири жок кылынып, 16 кишинин кармалганы айтылды.