Апта ирмеми: карантинге каршы митингден тарта көгүлтүр Айга чейинки көрүнүштөр

Sputnik

Түркиянын батышында 6,6 баллдык жер титирөө катталды. Акыркы маалыматтарга ылайык, 62 адам каза болуп, 940 адам жапа чеккен.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында премьер-министр Садыр Жапаров башында турган КРдин өкмөт мүчөлөрү ант беришти.

Испаниянын Барселона шаарында массалык башаламандык болуп, эл менен полиция кагылышты.  Алар коронавируска байланыштуу карантиндик чектөө чараларынын катаалдашына нааразычылык билдиришкен.

Жомоктогудай токой. Бишкектин жанынан тартылган ажайып 10 сүрөт

Тоолуу Карабахта Армения менен Азербайжандын ортосундагы чатак токтой элек. 

Филиппинде "Молаве" тайфунунун натыйжасында эл жашаган бир канча жер суу астында калган.

Польшада бойдон алдыруу боюнча мыйзамга киргизилген катаалдыктарга каршы болгондордун нааразычылык митинги өтүп жатат.

АКШнын Калифорния штатындагы Йорба-Линда шаарына жакын жерде токойлор өрттөнүүдө.

Пекинде (Кытай) Мода жумалыгынын алкагында 2021-жылдагы жаз/жай коллекциясынын көргөзмөсү өттү.

 

1 / 16
Буэнос-Айрестин (Аргентина) асманындагы көгүлтүр Айдын көрүнүшү. Көгүлтүр Ай — календарлык айда болуучу айдын тутулушу.
2 / 16
Таиланддын Чиангмай шаарынын тургундары Лойкратхонг фестивалын майрамдоо учурунда кагаздан жасалган чырактарды асманга учурушууда
3 / 16
28-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында премьер-министр Садыр Жапаров башында турган өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына көрсөтүлгөн Аида Исмаилов өтпөй калды.
4 / 16
Армениялык аскер кызматкерлери Тоолуу Карабахтагы азербайжан аскерлери тарапка артиллериялык куралдан ок атууда
5 / 16
Пекинде (Кытай) Мода жумалыгынын алкагында 2021-жылдагы жаз/жай коллекциясынын көргөзмөсү учурундагы модель кыз
6 / 16
Йорба-Линда (АКШ, Калифорния штаты) шаарына жакын жерде токойдун өттөнүп жатканын карап турган адамдар
7 / 16
"Молаве" тайфунунан кийин суу баскан Филиппиндеги Пампанга провинциясындагы көчөлөрдүн бири
8 / 16
АКШнын Миссури штатындагы Канзас-Ситидеги парктагы кыз жалбырактары саргара баштаган чынар теректин астында сүрөткө түшүп жатат
9 / 16
Бейт-Дагандагы нааразычылык акциясы убагында чыккан өрттүн фонунда келе жаткан израилдик аскер
10 / 16
Пекинде Хэллоуин түнүндө көпчүлүктүн алдында турган медайымдын кийимин кийген кыз
11 / 16
Тоолуу Карабахтын жашоочусу Шуши шаарындагы өз үйүнүн жер төлөсүндө көгүчкөндүн этин тамакка кошууга даярдап жатат
12 / 16
Барселонада (Испания) коронавируска карата карантиндик чектөөлөрдүн катталдашы массалык башамандыкка алып келип, ал полиция менен элдин кагылышуусуна чейин жеткен
13 / 16
Польшада бир канча күндөн бери бойдон алдыруу боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы чыккандардын митинги уланууда
14 / 16
Жума күнү Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын очогу Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын жердеги Эгей деңизинде катталды. Тилекке каршы, каза тапкандар арбын болду.
15 / 16
Бразилиянын Сан-Пауло шаарында көрүүчүлөр өз-өзүнчө болгон пластикалык кабинкаларда "Протокол Вольпоне" театралдашкан оюн көрүп жатышат
16 / 16
Таиланддын Бангкок шаарынын жашоочусу Хэллоуин майрамы алдында грим жасап жатат