Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп дайындалды

Сариев 2002-2008-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ал эми 2010-2011-жылдары төрагасы болуп иштеген.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлигин жактырды.

Сариевди шайлоо үчүн жашыруун добуш берүү уюштурулуп, 64 макул, 36 каршы добуш берилди. Натыйжада ал БШК мүчөлүгүнө дайындалды.

Белгилей кетсек, оппозициялык фракциянын квотасы менен дайындалган БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова өз арызынын негизинде кызматтан кеткен. Анын ордуна Сариевдин талапкерлигин "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы сунуштаган.

Акылбек Сариев 2002-2008-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ал эми 2010-2011-жылдары төрагасы болуп иштеген.