БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жакында WhatsApp популярдуу мессенджеринин катталуучулары кийин өзү өчүп кала турган билдирүүлөрдү жөнөтө алышат. Бул тууралуу программанын иштеп чыгуучулары кабарлаганын РИА Новости жазды.
Адистердин айтымында, колдонуучу опцияны өзү кошуп алып, жеке жана тайпадагы жазышууларды эки тараптан тең жети күндүн ичинде өчүрө алат. Кызматты жандырганга чейинки жазышуулар өчпөйт.
WhatsApp кейпин кийген вирус 25 миллион смартфонду "талкалады"
Иштеп чыгуучулар эскерткендей, билдирүүлөр өчүрүлгөнгө чейин башка жакка жиберилип, көчүрүп алынып же сүрөткө тартылып калышы мүмкүн. WhatsApp буга жоопкерчилик албайт.
Бул функция бардык платформаларда жеткиликтүү болмокчу.