УКМК Ошто кылмыш топтун өкүлдөрүнүн үйүн тинтип куралдарды тапты. Тизме

УКМКдан маалымдашкандай, ыкчам иш-чара аймактагы криминалдык аракеттердин ишине бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Ош облусунун аймагындагы уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) 23 мүчөсүнүн үйүнө тинтүү жүргүзгөн. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Иш-чара кылмыш жасоо үчүн уюшкан топ түзүү фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн. Мындан сырткары, бул иш-чара криминалдык элементтердин коомдук-саясий кырдаалга таасир этүүсүнө жол бербөө максатын көздөгөнү маалыматта айтылат.

Кылмыштуу топ ишкердин мойнуна 100 миң доллар илип койгон. Шектүүлөр кармалды

Санкцияланган тинтүүлөрдүн жыйынтыгында табылгандар:

  • АК-47 үлгүсүндөгү эки мылтык;
  • эки травматикалык тапанча;
  • 32 мм калибрдеги белгисиз мылтык;
  • 12 мм калибрдеги "ТОЗ-34" маркасындагы көзөнөктүү эки мылтык;
  • оптикалык мээлегичи бар мылтык;
  • белгисиз маркадагы колдо жасалган мылтык (кесилген);
  • ТОЗ-16 маркасындагы мылтык;
  • 15 бычак;
  • жезден жасалган эки кастет;
  • көп сандагы октор.

Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылып жаткандыгын кошумчалашты.