Жапаров: Ташиев Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү жоопкерчилигин алды

Садыр Жапаров Ош облусунун жашоочулары менен жолукканда чек ара маселесин тез арада чечүү керектигин, антпесе өлкөдө тынчтык болбой турганын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Өзбекстан боюнча чек ара маселесине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жоопкерчиликтүү болот. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош облусунун жашоочулары менен жолукканда билдирген.

"Мындан ары чек ара маселесин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баштаган комиссия мүчөлөрү чечет. Муну кандай кабыл аласыздар билбейм, бирок биз ушундай пикирге келдик. Чек ара маселесин тез арада чечүү керек, антпесе өлкөдө тынчтык болбойт. Кудай буюрса, жакында Өзбекстан менен бул көйгөй чечилет (такталбаган аймактар — ред.)", — деди Жапаров.

Чечилбеген көйгөй болбойт! Жапаров Чек ара кызматынын төрагасына жолукту

Август айында Кубатбек Бороновдун өкмөтүнүн маалымат кызматы Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадагы макулдашылбаган 10 аймактын бирин макулдашып, бекиткенин билдирген болчу.

Жапаров Баткен облусунун эли менен болгон жолугушууда бийлик Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин карамагына өткөрүүгө белсенип жатканын айткан.