Сенаторлордун пикиринде, Кошмо Штаттарга Түндүк жарым шарда иштөөгө жөндөмдүү муз жаргычтар тартыш, ал эми Россия бул багытта кыйла алдыда. Муз жаргыч жана ири мамлекеттердин кызыкчылыгын жайылтууда алардын ролу туурасында Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Жалгыз муз жаргыч
Уикер менен Салливан Москванын 40 кемеге эсептелген, дүйнөдөгү эң чоң муз жаргыч флотко ээ экенин айтышат. Салыштырсак, АКШнын Жээктеги коргоо командачылыгынын болгону эки — Polar Star жана Healy муз жаргычы бар. Анан калса, экинчиси, бортунан өрт чыккандыктан, ушул тапта оңдолууда.
Экономикалык жана аскердик күчтүү державага бир муз жаргыч аздык кылат. Арктикага көзөмөл жүргүзүү табигый бай ресурстарга, Евразиянын түндүгүндө туруктуу аскердик катышууга жол ачат. Эксперттер быйыл жайда Алясканын жээктеринен анча алыс эмес жерде Россиянын Аскер-деңиз флоту кансыз согуштан бери боло элек ири машыгууну өткөргөнүн да эске салды. Мындан сырткары, Москва соңку жылдары Арктикада Советтер Союзу таркагандан кийин ээн калган 50 чакты аскердик объектини кайра калыптандырды. Ал жакка кайрадан күчтөрдү жана куралдарды жайгаштырды. Кытай да өз кезегинде муз классындагы эки кеме куруп, аймакты экономикалык "Полярдык жибек жолу" катары карай турганын жашырбайт. Арктика багытында америкалыктар "бечара туугандай" абалда калганы анык.
АКШ сланецчилерин мунай үлкөндөрү куткарууда. Өздөрү "чөгүп" кетпегей эле
Июнь айында эле АКШ президенти Дональд Трамп курамы кең муз жаргычтар флотун куруу зарылдыгын билдирген. Америка бийлиги жаңы алты кеме, анын ичинде аталган өлкөдө 40 жылдан бери курула элек оор класстагы кемени куруу программасын киргизишти.
Конгресс негизги муз жаргычты каржылады, ал деңизде 2024-жылы сыналууга тийиш. Аны менен катар Жээктеги коргоо командачылыгы экинчи кемеге да каражат сурады. Азырынча сенаторлор Polar Star муз жаргычынын иш мөөнөтүн жок эле дегенде 2023-жылга дейре узартууга туура келерин маалымдашат. Кеме кылым башында эле ресурсун иштетип койгонун эске алсак, Арктикада АКШнын үстөмдүк кылышын камсыздоого Polar Star муз жаргычынын дарманы жетпейт.
Муз армадасы
Россия эч качан муз классындагы кемелердин курулушун токтоткон эмес. 21-октябрда 22220 долбоорундагы негизги атомдук "Арктика" муз жаргычы пайдаланууга берилди. Кеме ар бири 175 мегаватт жылуулук кубаттуулуктагы РИТМ-200 реакторлуу эки энергетикалык түзүлүш менен жабдылган. Бир жарым-эки узелдик ылдамдыкта 2,8 метр калыңдыктагы музду жиреп сүзө алат.
Океанда да, дайралардын агымдарында да иштей алат. "Атомфлот" аталган долбоордун дагы төрт, атап айтсак, "Сибирь", "Урал", "Якутия" жана "Чукотка" кемелерин алабыз деп турат. Биринчи экөөнүн 2021-2022-жылдары пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.
"Сууга "Арктика" муз жаргычынын кое берилиши — бул ата мекендик верфтерде абдан көлөмдүү, анан калса оригиналдуу кеменин батыш технологиялары жана анын компоненттери колдонулбастан курулушу тегин окуя эмес, — деп билдирди Аскердик-саясий изилдөөлөр борборунун директору Алексей Подберезкин. — Башкысы — саясий мааниси. Жаңы муз жаргычтардын сериясы жакынкы жылдары курулуп, Россия Түндүк деңиз багыты боюнча терең суу тилкелеринде эле эмес, алда канча маанилүү, майда сууларда да кырдаалды көзөмөлдөй алмакчы. Эми биз Түштүк-Чыгыш Азия жана Азия-Тынч океан аймагынан Европага, болгондо да жыл бою транспорттук коридорду камсыздай алабыз".
Атомдук муз жаргычтар — аймакта кандай гана аскердик жана жарандык курулуш болбосун, ийгиликтин кепили. "Арктикадан" сырткары, Россия 75 миң аттын күчүндөй бар кубаттуулуктагы өзөктүк энергетикалык түзүлүш менен жабдылган кош реактордуу эки кемеге ("Ямал", "Жеңишке 50 жыл"), 50 миңдей аттын күчүнө тете кубаттуулуктагы тек реактордуу түзүлүшү бар эки муз жаргычка, 40 миң аттын күчүнө барабар кубаттуулуктагы реактордуу түзүлүш орнотулган "Севморпуть" атомдук лихтеровозу жана технологиялык тейлөөчү беш кемеге ээлик кылат. "Советтер Союзу" муз жаргычы азыр эксплуатациялык резервде. Дизелдик-электрдик кемелерди эсепке албаганда да бул – кыйла таасирдүү арктикалык флотилия (кемелер отряды). Соңкуларына, маселен, 2017-жылы Түндүк флоттун курамына кирген абдан заманбап "Илья Муромец" таандык. Ал метрге чейинки калыңдыктагы чылгый муз талаасында иштей алат. Арктикалык суулар аркылуу кемелерди узатуу өңдүү негизги функциясын аткаруудан тышкары, кеме күчтөрдүн арктикалык тобуна жүк жеткирет.
"Россия колдонуп келет": америкалыктар өздөштүрө албаган курал
Долбоор борттук куралдануунун монтажын, атап айтканда, АК-630, АК-230, АК-306 ыкчам ок атуучу артиллериялык түзүлүштөрдү куроого багытталган. Теория боюнча муз жаргычты сокку уруучу аскердик кемеге айлантууга болот, ал үчүн кемеге каршы коргонуу ракеталары менен гана жабдуу жетишерлик.
Дайым алдыңкы сапта
Россия муз классындагы кемелерди курууда башка өлкөлөрдөн дайым алдыда келген. 1864-жылы пайдаланууга берилген "Пайлот" куткаруучу бурама буксири заманбап типтеги биринчи муз жаргыч болгон. Атайын маңдайкы бөлүгү музга карай "сойлоп", өз салмагы менен аны жарууга мүмкүндүк берген.
Бул конструкция эл аралык баага татыган. 1871-жылдын кышында германиялык өкмөт Россиядан муз жаргычтын чийимин сатып алган. Анткени катуу сууктан улам аймакта соода толук токтоп калгандыктан, Гамбург портунун акваториясы жана Эльбаны муздан арылтууга туура келген. Кийин Дания, Швеция жана АКШ ишкерлери да немецтерден өрнөк алышкан.
Дүйнөдөгү биринчи атомдук муз жаргыч да СССРде курулган, аны "Ленин" деп аташкан. Атомоходду Деңиз флоту министрлигине 1959-жылы өткөрүп беришкен. Ал гигант түндүк кеңдиктериндеги навигацияны бир топ узарткан.
"Ленин" алты жыл аралыгында эле 82 миңден ашуун деңиз милин сүзүп, өз алдынча 400дөн ашуун кемени алып өткөн. 1989-жылы аталган муз жаргыч Мурманскидеги түбөлүк кеме токтотуучу жайга коюлуп, федералдык маанидеги маданий мурас эстеликтеринин бирдиктүү реестрине киргизилген.
Россия — лихтеровоз-муз жаргычты пайдаланган жалгыз өлкө. Сыйымдуулугу 61,88 миң тонна "Севморпуть" муз жаргычы — 1988-жылы пайдаланууга берилген ири транспорттук кеме. Метрлик калыңдыктагы музду өз алдынча жиреп өтө алат. Бул учурдагы атомдук күч түзүлүшү бар жалгыз иштеп турган жүк ташуучу кеме болуп саналат.